Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

COVID-19: Орусияда ооругандар 450 миң адамга чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде дагы 8700дөн ашык адамдан коронавирус табылды, ошентип ооругандардын жалпы саны 450 миң адамга чукулдады.

Илдеттен акыркы бир күндө Орусияда 144 бейтап көз жумду жана бул оору алгач катталгандан бери жалпысынан 5500дөн ашык жаран ажал тапты.

Орусия оору жугузгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

Сап башындагы АКШда COVID-19 1,8 миллиондон ашык адамдан табылып, илдеттен 108 миңден көп бейтап көз жумду.

Экинчи орундагы Бразилияда короноавирусту 615 миңге жакын киши жугузуп алды, 34 миңден көп киши мерт болду.

Дүйнө жүзүндө ооругандар 6,5 миллион адамдан ашып, оору 386 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG