Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Кытай «Фейсбукту» тандалма тоскоолдук боюнча айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бээжин социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттарына тандалма тоскоолдуктарды жаратпашы керек экенин билдирди. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ген Шуан «Фейсбуктун» соңку саясатын «дикриминация» деп баалады:

«Бардык эле чет өлкөлүк медиа уюмдардын ишмердиги ошол өлкөнүн мыйзамдарына, нормативдик нормаларына төп келсе, анда алардын баары бирдей, дискриминациясы жок каралышы керек. Тандалма мамиле болбошу керек».

Мунун алдында «Фейсбук» мамлекет көзөмөлдөгөн ЖМКнын билдирүүлөрүнө, аларга таандык топторго атайын белги коё баштай турганы белгилүү болгон. Алардын катарында орусиялык RT телеканалы, кытайлык CCTV телеканалы, «Синьхуа» маалымат агенттиги жана Кытайдын Коммунисттик партиясынын расмий гезити «Женьминь жибао», Ирандагы мамлекеттик телеканал жана башкалар болгон.

Аталган компания жыл аягында АКШдагы президенттик шайлоо убагында мындай ЖМКлардын америкалык жарандарга багытталган жарнамалык материалдарына тыюу салынарын билдирди.

Бир жыл мурун «Фейсбук» социалдык тармагы жалган маалымат таратууга каршы чараларды жарыялаган. Ага ылайык, маселен, добуш бербөө тууралуу чакырыктарды жайылтууга болбойт.

Мындай чаралардын башкы максаты - АКШда 2020-жылдагы президенттик шайлоо убагында жана эл каттоо өнөктүгү учурунда ар кандай будамайлап-бурмалоого жол бербөө болуп саналары айтылган.

Эки жыл мурда «Фейсбук» шайлоого, добуш берүүгө байланыштуу жалган маалымат камтылган жарнамалык материалдарды, билдирүүлөрдү жарыялоого тыюу салган.

Бул социалдык тармак АКШда 2016-жылы президенттик шайлоо убагында жалган, такталбаган маалыматтардын тарап кеткенин тыя албаганына, жетиштүү чара көрбөгөнүнө байланыштуу сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG