Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан алты күн өткөндөн кийин Фергана облусуна келди. Президенттин басма сөз кызматы Мирзиёев бул сапарында аймактагы текстил жана айыл чарба ишканаларына барып, IT жана кол өнөрчүлүк тармактарындагы долбоорлор менен таанышарын билдирген.
Буга чейин Мирзиёев чек арада чатак чыккан Сох анклавына да барары кабарланган. Бирок расмий билдирүүдө мындай сапар тууралуу сөз болгон жок.
31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан чыр чыккан. Эки тарап бири-бирине таш ыргытканы кабарланган. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазган.
Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.