Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Кыргызстанда «Тажадым» деген онлайн митинг өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жума күнү Кыргызстанда «Тажадым» аттуу онлайн митинг өттү. Аны уюштурган активисттер митингде өлкөдөгү коррупция, чек ара маселеси козголуп, парламентке нааразычылык айтыларын билдиришкен. Онлайн митинг «Инстаграм», «Фейсбук» аркылуу @tajadymm деп аталган баракчаларда түз эфирде өттү.

Онлайн митингде модераторлор спикерлерге сөз берип турду. Спикерлердин арасында парламент депутаттары Жанарбек Акаев, Дастан Бекешов, юрист Клара Сооронкулова жана Афтандил Жоробеков, Эрулан Көкүлов, Айбек Баратов сыяктуу жарандык активисттер болду. Бул түз эфирди көргөндөр онлайн митингдин катышуучусу деп эсептелди.

Буга чейин социалдык тармактарда ондогон жаштар «тажадым» деген хештег менен өлкөдө чечилбей жаткан маселелер боюнча нааразылык иретинде флешмоб уюштурушкан. Интернетте «Тажадым» акциясына катышкандар өлкөдөгү экономикалык абал, коррупция, алдыдагы парламенттик шайлоо, чек ара маселесин көтөрүшкөн. Уюштуруучулар бир айдан бери уланып жаткан флешмобдо айтылган көйгөйлөрдүн негизгилерин топтоп, эми онлайн митингде ал талап менен сунуштарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышат.

XS
SM
MD
LG