Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Кыргызстан: 6-июнда коронавирус 38 кишиден табылды (видео)


Кыргызстан. COVID-19 жугузуп алган бейтаптар менен иштеген дарыгерлер лабораторияда.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 6-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бир сутка ичинде 20 бейтап айыгып чыкты.

Инфекция жуккандардын саны: Бишкек шаарында – 9, Чүй облусу – 10, Нарын облусу – 3, Ош шаары – 11, Ош облусу – 2, Баткен облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 2 киши.

Жалпысынан 6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1974 адамдан табылды, алардын ичинен 1360 бейтап сакайып кетти. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап кайтыш болгон. COVID-19 илдети аныкталгандар менен байланышта болгондорсун саны 8 194 киши. Обсервацияда 1 736 адам жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG