Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:48

ЖАМК №1 тергөө абагындагы окуя боюнча жооп берди


5-июнь күнү кечинде №1 тергөө абагында жаткандар камерадагы темирлерди чапкылап үн чыгарышкан. Айрым жергиликтүү сайттар муну менен абактагылар нааразылык билдирип жатышканын жазышты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков “Азаттыкка” түшүнбөстүк болгон деп билдирди.

“Бир соттолуучунун туулган күнү экен. Экинчи камерадагы аны куттуктап тыкылдаткан экен. Анан башкалары түшүнбөй эле тыкылдата берген. Эч кандай нааразычылык болгон эмес”, - деди Калыков.

№1 тергөө абагында учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Кыяз Смаилов, Амантур Жамгырчиев жана Равшан Жээнбеков кармалып турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG