Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Роухани: Үйлөнүү тойлору вирусту күчөттү


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Ирандын президенти Хасан Роухани үйлөнүү тойлордун айынан өлкөдө басаңдап калган коронавирус кайра күчөгөнүн билдирди. Ал вирустун экинчи толкуну болот деген коркунучка карабай, экономиканы кармап туруу керектигин белгиледи.

Иран апрель айынын ортосунда карантин чараларын жумшарткан. Февралда бул өлкөдө оору күчөгөн. 4-июнда оору жуккандар 3574 адам деп катталып, февралдагы көрсөткүчтөн көп болду. Бийлик эпидемиянын күчөшүнө чет жактан баргандар жана той-топурлар себеп болуп жатканын белгилөөдө.

6-июнда 3,5 айдан бери жабык турган университеттер ачылды. Роухини бала бакчалар менен Куран окуганды үйрөткөн жана тил курстары бир жумадан кийин ачыларын айтты. (BCh)

XS
SM
MD
LG