Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Кыргызстан Кытайга «Торугарт» чек ара бекети боюнча өз сунушун берди


Торугарт
Торугарт

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы Кытайдын бажы башкармалыгы менен кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Онлайн өткөн жыйында кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирди.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети 8-июндан тарта иштей баштарын маалымдаган.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда автомобилдик эки өткөрмө бекети бар - Ош облусундагы «Эркечтам» жана Нарын облусундагы «Торугарт». Экөө тең коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган.

«Эркечтам» Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тарта ишин уланткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG