Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Таласта “3-каналдын” кеңсеси өрттөлдү


7-июнда Талас шаарындагы “3-канал” деп аталган телеканалдын кеңсесине өрт коюп кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова билдирди. Ал кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техникалар күйүп кеткенин айтты.

“Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Эмнеге байланыштуу экенин билбейм. Эч ким менен деле чырдашкан эмеспиз”, - деди Токтосунова.

Окуя боюнча милицияга кабарлашкан. Азырынча укук коргоо органдары расмий кабар тарата элек.

“3-канал” Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG