7-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва - Бишкек каттамы менен 460 кыргызстандык учуп келди. Алардын ичинен 68и 2 жашка чыга элек балдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзүп жатат. Ал тизмеге кошууда кош бойлуу, баласы бар аялдарга, майыптарга, ооруп жаткандарга, карыларга артыкчылык берилет. Ошондой эле пандемияга чейин «Аэрофлоттун» билетин сатып алып, бирок уча албай калгандар да эске алынат.
Учуп келгендер Кыргызстанда обсервацияга алынды. (TSh)