Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Орусияда Росгвардия ынды кара адамды басынтпаганын маалымдоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Росгвардиянын расмий өкүлү Валерий Грибакин мекеменин кызматкерлери Москвада ынды кара кишини кармап, аны басынтканы тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтуусунда кызматкерлер чет элдик ынды карага илбериңки мамиле кылып, "сиз" деп сүйлөшкөн.

Мурдараак Интернетте Росгвардиянын кызматкерлери ынды кара жаранды өткөрмө режимин бузганы үчүн кармашканы жөнүндө тасма тараган. Окуяны тартып алган күбөлөр жана жабырлануучу өзү күч кызматкерлери аны "маймыл" деп шылдыңдап, "тумшугун жара коёбуз" деп айтышканын билдиришүүдө.

Тасманын сапатынан улам полициячылардын сөздөрү угулган эмес, бирок алардын кармалган кишиге орой мамиле кылганын байкоого болот.

Росгвардиянын өкүлү ынды кара жарандын жанында тек-жайын тастыктоочу документтери жок болгонун, ал полиция бөлүмүнө баруудан баш тартканын белгиледи. Маалыматка караганда кармалган жаранды тартип бузганы үчүн административдик жазага тартуу протоколу түзүлгөн. Анын аты-жөнү тууралуу маалымат берилген жок.

XS
SM
MD
LG