АКШ президенти Дональд Трамптын Вашингтондон Улуттук гвардиянын 5 миң аскерин чыгаруу тууралуу буйругу 7-июнда чыкты. Бул аскерлер АКШ борбор калаасына нааразылык акцияларын басуу үчүн өткөн жумада киргизилген. Президент Трамп бул чечимин "өлкөнүн борбор калаасы кылдат көзөмөлдөө" деп билдиргенин "Америка үнү" радиосу жазды.
Улуттук гвардиянын аскерлерин чыгаруу буйругуна карабай, АКШнын мурдагы аскер жетекчилери Трамптын Вашингтонго он миң жоокер киргизүү тууралуу билдирүүсүнө нааразылыгын улантышууда.
Расизмге каршы өткөн нааразылык акцияларын басуу үчүн Вашингтонго Улуттук гвардиянын жоокерлери киргизилген. "Америка үнү" радиосу бирок алар демонстранттарды кууп таратууга катышпаганын жазды.
Пентагондун башчысы Марк Эспер президент Трамптын чечимине каршы чыккан. Ал аскер кызматкерлерин толкундоолорду басуу үчүн колдонуу - эң акыркы чара болууга тийиштигин айткан. Эсперди Баш прокурор Уильям Барр колдогон.
Мурдагы адмирал Майк Маллен да демонстранттарга каршы армияны колдонуу - АКШ куралдуу күчтөрүнүн коомчулук менен байланышын үзүүсүнө алып келерин эскерткен.
АКШда ынды кара Жорж Флойддун полиция кармагандан кийинки өлүмү жалпы өлкөдө расалык теңсиздикке каршы массалык нааразылык толкундарын жараткан. Айрым аймактарда ал башаламандыкка айланып, машинелер өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Полиция Вашингтон баштаган 40 шаарда коменданттык саат киргизген.