Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

COVID-19: Бир суткада бир бейтап кайтыш болду, оору жуккан 25 адам жаңы катталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 25 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 8-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору жуккандардын көбү Бишкекте катталды - 18 адам. Мындан тышкары Чүй облусунда жети адам.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган бир адам - Нарын облустук ооруканасында жаткан 67 жаштагы аял бейтап көз жумду.

Бир суткада 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 8-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2032 адамдан табылды, алардын ичинен 23 бейтап кайтыш болду, 1445 адам айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG