Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Коронавирус: Нарында кайтыш болгон бейтап тууралуу маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-июнда Нарында каза болгон бейтап коронавирус жуктуруп алгандан кийин эки тараптуу пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу 8-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 67 жаштагы аял COVID-19 илдетинен кийин абалы оорлоп, ооруканага 5-июнда жаткырылган:

“Бул киши да үйдө жатып алган экен. Клиникалык белгилер чыга баштаганда тийиштүү кызматтарга кайрылып, мобилдик бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылыптыр. 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын инфекциялык госпиталына которулган. Абалы өтө курчуп, жалпы абалы начарлап, болгон мүмкүнчүлүктөр колдонулганына жана реанимациялык аракеттерге карабастан 7-июнда жүрөгү токтоп каза болуп калды. Диагноз койгондо коронавирустун эң оор түрү аныкталган. Эки тараптуу пневмония болгон, анемиясы да бар экен, кан басымы да жогорулап кеткен”.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 25 адам жаңы катталды, алардын көбү Бишкекте - 18 адам. Мындан тышкары Чүй облусунда жети адам.

Жалпысынан 18-марттан 8-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2032 адамдан табылды, алардын ичинен 23 бейтап кайтыш болду, 1445 адам айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG