Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

ӨКМ: Жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам сууга чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын бешөө 12 жашка чыга элек балдар.

Былтыр, 2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу.

Ал эми 2018-жылы Кыргызстанда 150 адамдын өмүрү кырсыктын ушул түрүнө байланыштуу кыйылган (108и жайкы сезондо), алардын 35и 12 жашка чыга элек балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG