Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Кара-Сууда мектеп бүтүрүүчүсү сууга чөгүп каза болду


Ак-Буура суусу.
Ак-Буура суусу.

Ош шаарында мектеп бүтүрүүчүсү сууга чөгүп, каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, кырсык 7-июнда Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын аймагында болгон. Куткаруучулар 18 жаштагы жигиттин сөөгүн 8-июнда эртең менен таап, жакындарына өткөрүп беришти.

Аширбаев белгилегендей, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда бүтүрүүчүлөр тобу ата-энесине айтпастан, “Быйыл бүтүрүү кечеси болбой калды, жок дегенде сүрөткө түшүп алалы” деп чогулганын көргөн:

“Ак-Бууранын эң башындагы участокко барып, дарыянын боюнда сүрөткө түшүп жатканда бала кокустуктан сууга түшүп кеткен. Сөөгү сууга түшкөн жерден 100 метр аралыктан табылды. Таштарга кыпчылып калган экен. Туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты”.

Окуя Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгында “Кокустук” катары катталды.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, алардын бешөө 12 жашка чыга элек балдар.

2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG