Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

“Келечек үчүн билим берүү” долбооруна 50 миллион доллар бөлүнөт


Бишкектеги мектептердин бири. Сентябрь, 2019-жыл.
Бишкектеги мектептердин бири. Сентябрь, 2019-жыл.

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 8-июндагы жыйынында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окуудан өттү.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, долбоорго 50 миллион доллар бөлүнөт. Анын 50 пайызы - грант, 50 пайызы - насыя болуп саналат.

Макулдашууга кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 2020-жылдын 7-майында Бишкекте кол коюшкан.

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталган. (NT)

XS
SM
MD
LG