Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Жогорку Кеңештин комитети Орусия телеканалдары тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду


Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 8-июндагы жыйынында Орусиянын "1-канал" жана "РТР" телеканалдарынын берүүлөрүн Кыргызстандын акысыз санарип куржунунда көрсөтүү мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Долбоордун демилгечиси - Маданият, маалымат жана туризм министрлиги. 27-майдагы жалпы сессияда айрым депутаттар Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна Орусиянын "1-канал" жана "РТР" телеканалдарынын​ кирип калганына нааразы болуп, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуш кылышкан.

Маселени күн тартибинен алып салуу жөнүндө сунуш добуш берүүгө коюлганы менен өткөн эмес, ал добуш берүүгө жиберилип, жыйынга катышкан 107 депутаттын 53ү «каршы», 54ү «макул» деп добуш беришкен. Документ биринчи окууда кабыл алынды деп табылган.

Өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоору «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат.

Орусиянын эки каналын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстандын бюджетинен акча төлөнөт. Анын так суммасы канча экени тууралуу демилгечилер маалымат бере элек.

Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев эки каналды 2023-жылга чейин көрсөтүүгө бюджеттен 14 миллион сом корой турганын айтып чыккан (NT)

XS
SM
MD
LG