Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 9-июнда Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Мыйзам долбоору буга чейин аталган комитеттин күн тартибинен үч ирет киргизилип, кайра алынган. Буга долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жок деген жүйө айтылган.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы. учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар «жер Орусияга өтүп жатат» деп тынчсызданышкан.
Ал эми Башкы штаб Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирүүдө.
2-июнда Башкы штаб инвентаризациянын жыйынтыгында Орусия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү сунушталып жатканын билдирген.
Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.
Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.
Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.
2012-жылдагы орус-кыргыз макулдашуусуна ылайык, Орусия Канттагы аба базасы үчүн ижарага алынган жердин аянты 866,2 гектар деп эсептеген. Инвентаризациянын жыйынтыгында аянт 924,52 гектар болгон. (ZKo)