Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Казакстан Кыргызстан менен экспорт-импорт көрсөткүчтөрүндөгү айырма тууралуу маалымат таратты


Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекети.

Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети 8-июнда билдирүү таратып, эки өлкөнүн товарлардын экспорт жана импорт боюнча маалыматтарында 10 эселик айырма бар экенин маалымдады. Маалыматта акыркы бир жарым жыл ичинде (январь, 2019 – июнь, 2020) Кыргызстандан Казакстанга транзитти эсепке албаганда, 79 163 жүк ташуучу унаа кирүүгө аракет кылган. Түрдүү текшерүүлөрдүн натыйжасында, алардын басымдуу бөлүгүндө товарларды мыйзамсыз, жасалма документтер менен алып өтүү аракети аныкталган. Казак тараптын билдирүүсүндө:

“Товарлардын 98% документтеги аталышына туура келбейт. Бир жарым жылдын ичинде 1547 автоунаа текшерилген болсо, анын ичинен 1505 учурда товар документтеги аталышынан башка болуп чыккан. Мындан тышкары баалар жүз эселеп арзандатылып көрсөтүлүп, транзитке багытталган жүктөрдүн көпчүлүгү Казакстанда кала бергени аныкталды” деп жазылган.

Маалыматта ошондой эле Кыргызстандын экспорт тууралуу көрсөткүчү менен Казакстандын импорт тууралуу көрсөткүчүндө он эсе айырма бардыгы айтылган.

“Кыргыз тарап 2019-жылдын тогуз айында Казакстанга экспорту 18 млрд. тенге болду деп маалымдаса, биздеги маалыматтар боюнча 186 млрд тенге. Ошондой эле Кытайдан Кыргызстанга импорту менен Кыргызстандан Орусия, Казакстанга Кытайдын товарларын экспорттоосундагы айырма да 2 эсе көп. 2019-жылы Кытайдан Кыргызстанга 75 миң тонна товар импорттолсо, Кыргызстандан Казакстанга жана Орусияга сатылган кытай товарларынын массасы 149 тонна” деп белгилеген Казакстандын Киреше комитети.

Билдирүүдө мындан тышкары Казакстан өкмөтү көмүскө импорт менен жалган транзитти жок кылуу үчүн Өзбекстан, Кытай менен онлайн маалымат алмашып турары, мындай сунуш Кыргызстан өкмөтүнө да берилип, бирок жоопсуз калганы тууралуу айтылган.

Коңшу өлкөнүн жүйөсүнө кыргыз бийлиги жооп кайтара элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG