Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Жабырлануучулар судья Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча кол топтоп жатат


Судья Айбек Эрнис уулу.
Судья Айбек Эрнис уулу.

Бир катар социалдык тармактарда, change.org деп аталган сайтта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча петицияга 1300гө чукул киши кол койду. Алар судья 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан адамды актап салды, сот тармагында иштөөгө укугу жок деп эсептешет. Бул маалыматты жабырлануучу кыздын апасы “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, жабырлануучулар судьяны кызматтан алуусун өтүнүп президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылган.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессияда депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айтып чыккан.

Кыргызстандын Жогорку соту бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин маалымдоодо. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG