Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери бажы бекеттериндеги кырдаалды талкуулашты


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 8-июнда телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилөп, азыркы учурда иштеп жаткан «Ак-Тилек» (Кыргызстан) – «Карасу» (Казакстан) жана «Чоң-Капка» (Кыргызстан) – «Айша-Биби» (Казакстан) өткөрмө бекеттердеги тоскоолдуктарды четтетүү зарыл деген түшүнүккө келишти.

Кыргызстандын тышкы иштер министри казакстандык кесиптешин ЕАЭБдин жоболорун сактоого чакырды.

Чыңгыз Айдарбеков жүк ташуучу автоунаалардын чек арадан өтүүсү үчүн «Чалдовар» (Кыргызстан) – «Сыпатай Батыр» (Казакстан) бажы бекеттерин 8-июндан тартып иштетүү тууралуу макулдашууну оң баалады.

Аягында тараптар маселелерди эки өлкөнүн тиешелүү кызматтарынын линиясы боюнча ыкчам түрдө чечүүнү макулдашты.

Акыркы жумаларда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 300гө жеткен. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кезек күткөндөрдүн саны Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүп жатканын билдирген.

Кыргыз өкмөтү чек арадагы мындай абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин маалымдаган. Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитети эки өлкөнүн ортосундагы товарлардын экспорт жана импорту боюнча 10 эселик айырма бар экени тууралуу маалыматтарды өзүнүн расмий сайтына жарыялады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG