Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Эрдоган Ливиядагы кырдаалды Путин менен талкуулайт


Ливиянын улуттук армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ливиянын улуттук армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Ливиядагы кырдаалды талкуулоону көздөөдө. Түрк президенти Режеп Эрдоган талкууда Ливиядагы орус аскерлери тууралуу да сөз болушу ыктымалдыгын ТРТ телеканалына берген маегинде айтты. Түркиянын президенти бул маселени АКШнын лидери Трамп менен да телефон аркылуу талкуулаганын айтып, "Трамп экөөбүз бир катар келишимдерге жетиштик" деди. Бирок кандай келишимдер экенин айткан жок.

Учурда Ливияда кош бийлик. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге дээрлик бир жылдан бери маал-маалы менен чабуул коюп келет.

Анкара Улуттук биримдик өкмөтүн колдойт. Москва Хафтарды колдой тургандыгы айтылып келет. Түрдүү булактар Ливиянын улуттук армиясынын катарында Орусиянын «Вагнер жеке аскердик уюмунун» миңден ашуун жалданма аскери бар экенин жазышкан. Ливияда орус аскерлери бар экенин расмий Триполи да, Түркиянын президенти да билдирген. Москва муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG