Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

УКМК: Талас мэриясынын кызматкери пара үчүн кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси камалганын кабарлады. Мекеме 9-июнда тараткан маалыматка караганда, 29 жаштагы кызматкер пара алып жаткан учурда кармалды:

"Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жер боюнча ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча талап кылган. Сотко чейинки териштирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде катталды".

Атайын кызмат билдиргендей, кылмышка шектүү адам Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу» деген беренелердин негизинде каттоого алынган.

Таластагы кылмышка шектүү катары камалган кызматкердин өзүнөн же жактоочуларынан окуя тууралуу азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG