Ош шаарында коронавирус жуктуруп алгандан кийин абалы начарлап, каза болгон аял 47 жашта болчу. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бейтап илдет жукканга чейин эски ооруларынан дарыланып жүргөн, коронавирустан кийин абалы начарлап, жандандыруу чараларына карабастан кайтыш болду:
“Ош облустук ооруканасынын гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан. 31-майда текшерилгенде COVID-19 аныкталган. Бөйрөктөрүн жабыркаткан миелома деген диагнозуна байланыштуу химия терапиясын да алып жаткан. Клиникалык ооруканага которулуп, атайын дарыланууга алынган. Коронавирус жуккандан кийин ооруларынын баары күчөп, көп органдары жабыркап, реанимациялык чараларга карабастан көз жумду. Жүрөк-кан тамыр системасы да иштебей калган”.
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти. (RK)