Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Депутат Иманалиев Канттагы аба базада пресс-тур өткөрүүнү сунуштады


Канттагы аба базасы.
Канттагы аба базасы.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 9-июндагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Орусиянын Канттагы аба базасында журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүүнү өкмөткө сунуштады.

Депутаттын айтымында, база боюнча жаңы келишимдин айланасындагы кырдаалда өкмөт жоопкерчилик алуудан качып жатат.

"Бул жерде жер тилкеси Кыргызстандыкы, асфальт кыртышы гана Орусияга өтөрүн түшүндүрүш керек болчу. Мындан сырткары база боюнча буга чейин төлөнбөй келген 291 миң доллар жылына төлөнүп, 3 миллион 700 миң доллардан ашык каражат берилет".

Каныбек Иманалиев бул маселе жөнөкөй эмес экенин, сындын бутасында парламент калып жатканын кошумчалады.

Комитет бүгүнкү жыйынында Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.

Мыйзам долбоору буга чейин аталган комитеттин күн тартибинен үч ирет киргизилип, кайра алынган. Буга долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жок деген жүйө айтылган.

Долбоор Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар «жер Орусияга өтүп жатат» деп тынчсызданышкан.

Ал эми Башкы штаб Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирип жатат.

2-июнда Башкы штаб инвентаризациянын жыйынтыгында Орусия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү сунушталып жатканын айткан.

Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG