Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

Шамалды-Сай шаарчасында бир цех күйүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында өрт кырсыгынан бир цех жарактан чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 8-июнда шаарчанын Раззаков көчөсүндө болгон.

Эшик, терезе жасаган “Азия” цехинин 1802 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн.

Адистер өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгонун айтышты.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында төрт өрт кырсыгы катталды. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG