Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

10-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

10-июнда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 21…23 градус болот.

XS
SM
MD
LG