Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланып жатат. Бүгүнкү жараянда тараптардын жарыш сөзү уланды.
Сотко бул ишке шек саналган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков алып келинген жок. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Исаковдун катын окуп берди. Анда ал мурдагы жараянда сот залынан чыгарылганын, азыр да сотко катышуудан баш тартаарын айткан. Териштирүүлөрдүн саясий өңүтү бардыгын жазган.
4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокуратура Сапар Исаковду Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн кошкондо баш-аягы 20 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салууну өтүнгөн.
Мамлекеттик айыптоо тарап президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөндүктөн ага 260 миң сом айыппул салууну сураган.
Исаков жана Карыбаева, алардын адвокаттары коюлган айыптарды четке кагып келатышат.
Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган.
Алар - Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Булардын ичинен Исаков менен Карыбаевадан башкалары тергөө менен кызматташканы үчүн иши өзүнчө тергелип жатат. Азырынча сотко өтө элек.
Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр карала баштаган. Башта соттук отурумга Сапар Исаков катышып жаткан. Кийин судья Марат Сыдыков сот отурумунда тартипти сактаган жок деген негиз менен Исаковдун сот бүткүчө жараянга катышуусуна тыюу салган. (NT/GT)