Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

"Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгы башталды


Күлүйпа Кондучалова. Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитинин сайтынан алынган сүрөт.
Күлүйпа Кондучалова. Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитинин сайтынан алынган сүрөт.

Бишкекте мурдагы тышкы иштер министри, мурдагы маданият министри Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" аттуу жумалыктын ачылышы болуп өттү.

9-июнда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өткөн бул иш-чара менен катар атайын даярдалган китеп көргөзмөсүнүн да ачылышы болду.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кондучалованын кызы, Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси Ирина Оролбаева, өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев катышты.

8-июндан тартып Кондучалованын кыргыз адабиятын, театрын, кино, балет жана опера искусствосун, музыкасын, сүрөт өнөрүн жана музей тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу баяндаган иш-чаралар өткөрүлүп, ишмердин туулган күнү – 15-июнда Эскерүү күнү менен жыйынтыкталат.

Кыргыз эл баатыры, республиканын маданиятына эмгек сиңирген мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда туулган, 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. Ал 1958-жылдан тартып 22 жыл бою Кыргызстандын Маданият министрлигин жетектеген. 1953-1963-жылдары тышкы иштер министри болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG