Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

Музей жана ипподром иши: Исаков менен Мира Карыбаеванын соту аяктады


Сапар Исаков соттук жараяндардын биринде, 2019-жыл.
Сапар Исаков соттук жараяндардын биринде, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш иштерин кароону 9-июнда аяктады.

Бул күнкү сотто бул иштерде шектүү катары өтүп жаткандарга жана алардын адвокаттарына сөз берилди. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары анын күнөөсү жок экенин айтышып, актоону суранышты. Исаковдун өзү сотко келүүдөн баш тартканы айтылды.

Мира Карыбаева акыркы сөзүн айтты. Сотко кайрылып, калыс чечим чыгарууну өтүндү.

«Бүгүн сиздин колдо туура чечим кабыл алууга, биздин мамлекетте сот калыс экенин көрсөтүүгө тарыхый мүмкүнчүлүк бар», - деди Мира Карыбаева. Сот кеңешүү үчүн кирип кетти.

4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокуратура Сапар Исаковду Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн кошкондо баш-аягы 20 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салууну өтүнгөн.

Мамлекеттик айыптоо тарап президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөндүктөн, ага 260 миң сом айыппул салууну сураган. Исаков жана Карыбаева, алардын адвокаттары коюлган айыптарды четке кагып келатышат.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган.

Алар - Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Булардын ичинен Исаков менен Карыбаевадан башкалары тергөө менен кызматташканы үчүн иши өзүнчө тергелип жатат. Азырынча сотко өтө элек. Ишти кароого Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы киришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG