Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын 33ү бирге толо элек ымыркайлар


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 264ү 15 жашка чыга элек балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын арасынан 33 бала бир жашка толо элек ымыркай.

20-35 жаштагылар 788 бейтап, 36-55тегилер 619 бейтап, 56 жаштан улуу курактагылардын саны 310 адам.

Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.

Оору жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында – 655 адам. Нарын облусунда 399, Ош облусунда 239, Ош шаарында 236, Жалал-Абад облусунда 169, Чүй облусунда 303, Баткен облусунда 32 жана Ысык-Көл облусунда 22 адам. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG