Талас шаарында бир адам коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди:
"Азырынча анализинин жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан расмий эч нерсе тастыктап айта албайбыз. Эртең билинет".
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.
Республика боюнча бир гана Талас облусунда вирус катталган эмес. (RK)