Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Түркияда өзбекстандык мигранттын өлүмү боюнча арыз Конституциялык сотко өттү


Надира Кадырова

Түркиялык адвокат Иляс Доган Конституциялык сотко жөнөткөн арызында 2019-жылы Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында каза болгон 23 жаштагы өзбекстандык Надира Кадырованын өлүмү боюнча тергөө ишинин негизги принциптери сакталбаганын жүйө келтиргенин кабарлаган.

Адвокат Иляс Доган Надира Кадырованын өлүмүн жергиликтүү прокуратура "суицид" деп жыйынтык чыгарганы менен мигрант кыздын бөлмөсүндө окуяга дал келбеген буюмдар болгонун баса белгилейт.

Өзбекстандык Надира Кадырова 2019-жылы 23-сентябрда депутат Үналдын үйүндө ок жеп каза болгон. Ал 2017-жылдан бери түркиялык депутат Ширин Үналдын оорукчан апасын карап иштеген.

Анкара прокуратурасы "мигрант кыз өзүн өзү атып алган" деген жыйынтык чыгарып, сөөгүн дароо Өзбекстанга жөнөткөн.

Надира Кадырованын өлүмү түрк медиасында чоң резонанс жаратып, тергөө ишине сын айтылган.

Түркияда расмий эмгек визасы менен 4000 өзбекстандык мигрант иштейт, ал эми мыйзамсыз иштеген өзбекстандыктардын саны миңдеп саналат. (ElB)

XS
SM
MD
LG