Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши бүгүн, 10-июнда 2019-жылдагы иши жөнүндө Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат берет. Байкоочу кеңештин төрагасы Азамат Болгомбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул жыл сайын берилүүчү отчет:
“Регламент боюнча жылдык ишибиз тууралуу отчетту биз Жогорку Кеңешке апрель айында беришибиз керек эле. Быйылкы коронавирус пандемиясына байланыштуу бул жараян жылып кетти".
КТРКнын Байкоочу кеңешинин маалыматы буга чейин парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин кароосунан өткөн.
2019-жылы ноябрь айында коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз арызы менен кеткен. Ал каналды "коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар да тоскоол болгонун" билдирген. Жекшеевдин ордуна кеңештин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев шайланган.
Учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинин 14 мүчөсү бар. Бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.(ZKo)