Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

АКШ Кытайды өзөктүк курал тууралуу сүйлөшүүгө катышууга үндөөдө


Кытайлык аскерлер Шиңжаңдагы Кашкар аймагында, ноябрь 2019-жыл.
Кытайлык аскерлер Шиңжаңдагы Кашкар аймагында, ноябрь 2019-жыл.

АКШнын курал-жарак боюнча атайын өкүлү Маршалл Биллингсли Кытайдын бийлигин өзөктүк курал тууралуу сүйлөшүүгө катышпоо жөнүндө оюн өзгөртүүнү сунуш кылды. Биллингсли "Твиттердеги" баракчасына:

"Кытай азыр эле үч тараптуу сүйлөшүүгө катышпасын билдирди. Бул чечим кайра каралышы керек. Улуу держава деген макам ошого татыктуу жүрүш-турушту талап кылат. Улуу сепилдин курал-жарак программасы жашыруун деле эмес. Сүйлөшүү Кытайды күтүп турат", - деп жазды.

Өзөктүк куралды көзөмөлдөө тууралуу сүйлөшүүнү АКШ менен Орусия 22-июнда Венада Кытайсыз өткөрөт. Ага АКШ тараптан Маршалл Биллинсгли, ал эми Орусиядан тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков катышары күтүлүүдө.

Шейшембиде Кытайдын атайын өкүлү Хуа Чуньин курал-жарак көзөмөлү тууралуу үч тараптуу сүйлөшүүгө Кытай катышпасын билдирген.

XS
SM
MD
LG