Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев жакынкы күндөрү кызматын тапшырат. Бул тууралуу ал өзү 10-июнда тараткан билдирүүсүндө айтып, АКШдагы Гарвард университетине окуганы кетип жатканын, бирок президенттин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп кала берерин жарыялады.
Догоев быйыл жыл башында Гарвард университетинин Мамлекеттик башкаруу институтунун магистратурасында гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүн алганын, бул маселени президент менен да, өкмөт башчы менен да макулдашканын, алардан колдоо тапканын айтты.
Ошондой эле ал «Президент Сооронбай Жээнбеков мага ишеним көрсөткөн, ошондуктан мен санарип трансформация боюнча «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча кеңешчиси бойдон кала берем» деди.
Догоев 2017-жылдын июнунан 2018-жылдын февралына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. 2018-жылдын июнь айында президенттин кеңешчиси болуп барган. Азыркы кызматка 2019-жылы дайындалган. (RK)