Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Марат Жантелиевдин тажиясы 11-июнда өтөт, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат


Чыгаан актер Марат Жантелиев жараткан ар бир образ жана анын өзүнүн адамкерчилик бийик сапаты, жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова баштаган бийлик өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган эскерүүдө айтылды.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 9-июнда 59 жашында катуу оорудан каза болду.

Ал 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Казан-Куйган айылында туулган. 1978-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун (ВГИК) актердук факультетине тапшырып, СССРдин эл артисти, профессор Алексей Баталовдон билим алып, окуу жайды 1982-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолун 1982-1990-жылдары Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенип келди.

Жантелиев чыгармачылык жолунда “Бопуш” деген каймана аты менен кеңири белгилүү болуп, театр жана кино тармагында, телекөрсөтүүлөрдө, концерттик программаларда сатиралык жанрдагы бир нече образды жогорку деңгээлде аткара алган.

Актердун кино тармагындагы алгачкы ийгилиги - залкар режиссер Төлөмүш Океевдин “Кожожаш” тасмасында Саяктын ролун кайталангыс кылып ойногону. "Мосфильм” студиясынын “Очарованный странник” тасмасына тартылып, Кыргызстанда “Президент жана бомж” фильминде селсаяктын образын, “Саякбай” көркөм тасмасында Саякбай Каралаевдин бейнесин чеберчилик менен аткарган. "Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты” сериалдарында Каке, Шаку деген ролдору менен элдин эсинде калды. Ал эми жаштар театрынын сахнасында “Найман эне” спектаклинде Жоломан, “Талант жана тагдырда” казак режиссеру, “Үч кемпирде” Акиш кемпир, “Көчкүдө" Карыя сындуу бир нече таасирдүү образдарды жараткан.

Марат Жантелиевдин маданият тармагына сиңирген эмгегин мамлекет баалап, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тапшырылып, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы ыйгарылган. Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын жана Советбек Жумадылов атындагы театралдык сыйлыктын лауреаты болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкекте 11-июнда өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG