Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Нур-Султан: акцияга чыккан энелер күчтөп карантинге алынды


Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдына чогулган көп балалуу аялдар, 8-июнь 2020-жыл.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында эки күндөн бери нааразылык билдирип жаткан көп балалуу аялдар күчтөп карантинге жаткырылганы кабарланууда. "Фейсбукка" жарыяланган видеолордон коронавирустан коргоочу формаларды кийген адамдар аялдарды автобуска салып кетип жатканын көрүүгө болот. Нааразылык билдиргендердин бири 10-июндун таңында "Азаттыктын" казак кызматына чалып, аларды алып кетип жатышканын билдирген эле.

20 чакты көп балалуу эне акциясын 8-июнда баштап, эки күн катары менен министрликтин алдында түнөштү. Алар казак бийлигинен турак жай маселесин чечип берүүнү жана көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жактан колдоону күчөтүүнү талап кылышууда.

Казакстанда көп балалуу аялдардын нааразылыгы былтыртан бери уланып келет. Алардын акцияларынан соң бийлик көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү ар бир бала үчүн 21 миң теңгеден жөлөкпул төлөп берүү чечимин кабыл алган. Кийин “жардам сурагандар көп болгонуна” байланыштуу эрежелер өзгөрүп, жөлөкпул кыйла кыскарган. Жыл башынан тартып жөлөкпул жакыр деп таанылган гана үй-бүлөлөргө берилет.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG