Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:33

Швециянын экс-премьери Палменин өлүмү боюнча тергөө токтоду


Швециянын мурдагы премьер-министр Улоф Палме.
Швециянын мурдагы премьер-министр Улоф Палме.

Швециянын прокуратурасы мурдагы премьер-министр Улоф Палменин өлүмү боюнча тергөөнү токтотууну чечти. Палмени 1986-жылдын 28-февралында Стокгольмдун борборунда жубайы менен кинодон кайтып келатканда атып кетишкен.

Бул ишти караган баш прокурор Кристер Петерссон кылмышка шектүү Стиг Энгстром 2000-жылы өз жанын кыйгандыктан, иш токтогонун билдирди. Энгстром мурдагы премьер Палменин солчул көз караштарына каршы чыгып келгени менен белгилүү болчу.

"Кылмышты бир нече киши алдын-ала сүйлөшүп алып жасаган деген версияны бекемдеген фактылар табылган жок. Бирок ал кылмыш бир чоңураак кутумдун бөлүгү болгон деген божомолду да таптакыр четке кага албайбыз", - деди Петерсон.

Тергөөчүлөр премьер-министрдин өлүмү боюнча бир топ версияларды карап чыгышкан. Жүздөн ашуун киши кылмышты жасаганын мойнуна алган. Кол салуу артында чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары, күрт жикчилдери турат деген түрдүү божомолдор да айтылып келди.

Социал-демократиялык партиянын лидери Палме 1969 - 1976 жана 1982-1986- жылдары өкмөттү жетектеген.

XS
SM
MD
LG