Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:03

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачылат


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачылат. Мындай макулдашууга Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин 10-июнда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө келишти.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү “Азаттык” радиосуна кабарлагандай, өткөрмө бекеттерди ачуу сунушу казак өкмөт башчысынан түшкөн.

“Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга жетишилди. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой турганын ырасташты”, - деп жазылган.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чогуу күрөшүү, коргонуу чараларын талкуулап, мындан аркы кызматташуунун багыттарын сүйлөштү.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жүк ташуучу автоунааларга байланыштуу түзүлгөн кырдаал эки өлкө өкмөттөрүнүн бири-бирин кескин сындап, кайым айтышуусуна чейин жетти.

Кыргызстан казак тарап ЕАЭБдин жоболорун бузуп жатат деп айыптап, бул маселени интеграциялык уюмдун коллегиясына чыгарган. Казакстан Кыргызстанды жүк ташууда аткезчиликке айыптап, жалган транзит, жасалма документтер менен казак экономикасына залалын тийгизип жатат деп күнөөлөдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG