Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

COVID-19: Бишкекте тургундар вирусту кайдан жуктурганы белгисиз болууда


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы жумада борбор калаада коронавирус жуктургандар күн сайын катталып жатканын белгилеп, Бишкекте коопсуздук чараларын күчөтүү зарылчылыгын билдирди. Бул тууралуу ал 10-июнда Бишкек шаар жетекчилиги менен өткөргөн жыйында айтты. Анын сөзүнө караганда, акыркы катталгандардын көпчүлүгү вирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз.

Кубатбек Боронов азыркы карантин дээрлик толук жоюлган шартта вирустун жайылуусунун алдын алуу мүмкүн болбой калышы ыктымалдыгын эскертти. Бул үчүн иштөө ыкмасын алмаштыруучу иш-чараларды кабыл алуу зарылдыгын айтты.

Шаардык санэпидемстанциянын өкүлдөрү дезинфекциялоо иштери, коомдук жайларда, короолордо санитардык талаптардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейддер жана тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Бишкек мэриясы коронавирус табылганына байланыштуу Бишкектеги Орто-Сай жана Ош базарлары жабыларын маалымдаган.

Жалпысынан 18-марттан 10-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2093 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1572 бейтап айыгып кетти. Бишкек шаары оору жуккандардын саны боюнча алдыда турат – 674 адам. (ZKo)

XS
SM
MD
LG