Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекети ачылды


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекети ачылды. Аталган өткөрмө бекети “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында 10-июнда ачылганын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өткөрмө бекетинен өтүп жатканда бардык айдоочулар организминде коронавирус бар-жок экенин аныктоочу экспресс-тест тапшырууга тийиш. Анализи таза чыккан айдоочулар Казакстанга кире алышат.

Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекети иштеп жатат. Алар: Чүй облусунда “Ак-Тилек”, «Чалдыбар», Таласта «Чоң-Капка» бекеттери.

“Ак-Тилек” менен «Чоң-Капка» чек ара бекеттеринен жарандар жана жүк ташуучу автоунаалар өтө алышат.

Булардан тышкары темир жол жүктөрү “Кайыңды” чек ара бекети аркылуу өткөрүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG