Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Бир суткада коронавирус 36 адамдан жаңы аныкталды, эң көбү Бишкекте (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 36 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 11-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 17 адам. Ош облусунда төрт, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында үчтөн, Ош шаарында жана Талас облусунда экиден, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам.

Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 58 бейтап айыгып, 11-июнда үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 11-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2129 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1638 бейтап айыгып кетти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG