Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Муфтият: Битир-садагадан 9,5 миллион сом түштү, 300 адамга жардам берилет


Жардам тапшыруу учуру. 11.06.2020
Жардам тапшыруу учуру. 11.06.2020

Кыргызстанда быйыл Орозо айында элден чогулган битир-садаганын жалпы суммасы 9,5 миллион сом болду. 11-июнда муфтият чогулган акчадан муктаждарга жардам тарата баштады.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттыкка” билдиргендей, жардам тапшыруу иш-чарасына муфтийдин орун басары Замир Ракиев катышты. Ал өз сөзүндө быйыл коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам битир-садага аз топтолгонун белгилеп, жардам атайын комиссия түзгөн тизменин негизинде таратыларын айтты.

Атабаев билдиргендей, жардам алуучулар үч топко бөлүнгөн, аларга ун жана накталай акча тапшырылууда:

“Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, майыптарга, көзү азиз жарандарга 2,5 миң сом жана 10 кг. ун берилүүдө. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2 миң сом жана 10 кг. ун, ижара батирде турган муктаждарга 1,5 миң сом жана 10 кг. ун таратылып берилет”.

Быйыл муфтиятка жардам сурап 300дөн ашуун адам арыз менен кайрылган.

Чогулган 9,5 миллион сомдун 4 миллиону муфтияттын эсебине келип түшкөн. 4,7 миллиону жергиликтүү мечиттерде, 944 миңи облустук казыяттарда калган.

2019-жылы Кыргызстанда битир-садагадан 32,9 миллион сом, 2018-жылы 34,8 миллион сом чогултулган. (RK)

XS
SM
MD
LG