Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Түркияга чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөр обсервацияга жаткырылбайт


Самбул аэропорту, май, 2020
Самбул аэропорту, май, 2020

10-июндан тарта Түркияга аба каттамдары аркылуу келген жүргүнчүлөр 14 күндүк обсервацияга жаткырылбайт. Бул тууралуу "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

10-июндан тарта Түркиядан 40 өлкөгө аба каттамдары ачыларын Транспорт министри Адил Караисмаилоглу мурда маалымдаган. Ал эми Стамбулдан Кыргызстан, Албания, Дания, Норвегия жана башка өлкөлөргө рейстер 22-июнда ачылат.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Түркияга атайын рейстер менен 59 өлкөдөн 75 миңге жакын жаран кайткан. Алар 14 күндүк обсервацияга жатууга милдеттүү болгон.

27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтоткон. Ал эми 1-июндан баштап өлкөдө карантин чектөөлөрдүн айрымдары алынган. (ElB)

XS
SM
MD
LG