Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

Шектүүнү камакка алар алдындагы медициналык текшерүү тартиби өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кылмышка шектүүлөрдү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизер алдында медициналык кароодон өткөрүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн акыйкатчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2019-жылы акыйкатчы “Эркиндик үнү” коомдук фонду менен бирге убактылуу кармоочу жайлар жана тергөө абактары боюнча мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында камала турган адам жөнүндө маалымкаттарды толтуруу жана жазып берүү ишинде олуттуу көйгөйлөр бар экени айтылган.

Акыйкатчы белгилегеней, медицина кызматкерлери маалымкатка кармалган адам медициналык кароодон өткөнү жана аны камакка отургузса болору жөнүндө гана жазышчу, бирок ал кандай ыкма менен текшерилгени көрсөтүлчү эмес жана мониторинг учурунда кыйноого кабылган 10 адам тууралуу маалымат көз жаздымда калганы аныкталган.

Ошого байланыштуу акыйкатчы Саламаттык сактоо, Ички иштер министрликтеринин жана башка тийиштүү мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, атайын жумуш тобу түзүлгөн.

Кыргызстандагы “Кыйноого каршы коалициянын” маалыматына караганда, кыйноо абактарда, интернаттарда, карылар үйлөрүндө дагы эле уланып келатат, жабык жайлардын 90 процентинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кыйноо колдонушат. Ички иштер министрлиги мындай көрүнүш бар экенин, кызматкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG