Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Пентагон Украинага аскердик жардам катары 250 миллион доллар бөлдү


Пентагондун асмандан көрүнүшү.
Пентагондун асмандан көрүнүшү.

Бул жардам Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин (USAI) алкагында берилүүдө. АКШнын Коргоо министрлигинин бейшембидеги билдирүүсүндө каражаттар кошумча даярдык, жабдыктарды сатып алуу жана Украинага Орусиянын агрессиясынан натыйжалуу коргонуусуна аскердик консультация үчүн бериле турганы жазылган.

Пентагондун маалыматында Украина "Орусия менен стратегиялык атаандаштык тармагындагы АКШнын маанилүү өнөктөшү” деп айтылган. Андан тышкары АКШ Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө колдоору тууралуу жазылган.

Украинанын коргоо министрлиги америкалык өнөктөштөрүнө жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

"РБК-Украина" агенттиги маалымдагандай, Киев коопсуздук жана коргонуу тармагын реформалоо жана аны НАТОнун стандарттарына жакындатуу аракети көрүлүп келгенин баса белгиледи.

Москва Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирбегенин жана Донбасстагы жаңжалга тиешеси жоктугун белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG