Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Бишкекте 1,5 млн сом боюнча алдамчылык үчүн 19 жаштагы кыз кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бир адамдын 1,5 миллион сомдон ашуун акчасын терминал аркылуу алдап тартып алган деген шек менен 19 жаштагы кыз кармалып, эки айга №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу 12-июнда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын Биринчи май райондук милициясы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 8-июнда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, өзүн “Форекс” деген биржалык компаниянын өкүлү катары тааныштырган эки адам келечекте кирешенин 40-50 процентин төлөп беребиз деген убада менен 1 миллион 615 миң сомун алып, дайынсыз кеткени тууралуу арыз жазган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204 (“Алдамчылык”) беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Милиция ушул эле иш боюнча 35 адамдан арыз түшкөнүн, келтирилген акчалай зыяндын суммасы тактала баштаганын билдирди.

Кылмышка шектелип жаткандар өзүлөрү же жактоочулары азырынча маалымат бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG