Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Министрлик: Аттуу-баштуу адамдар той-аштарга уруксат берүүнү өтүнүп жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аттуу-баштуу адамдар эл көп чогулуучу иш-чараларга уруксат берүүнү өтүнүп, бийликке кайрылып жатат. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ошондой эле министрдин орун басарынын айтымында “чоң банкет залдары бар кафе-ресторандардын ассоциациясы тынбай кайрылып жатат”

“Аттуу-баштуу эле адамдарыбыз “Той-ашка кайра уруксат берсеңиздер. Куран окутуу жагдайлары болуп жатат” деп кайрылып жатышат. Бирок ал жерге көпчүлүк чогулат. Буга азыр уруксат бере албай турган кезибиз. Анткени эпидемиологиялык абал, өзгөчө Бишкекте, өтө кооптонууну жаратып жатат”, - деди министрдин орун басары.

“Бүгүнкү жагдай убактылуу чектөөнү алууга мүмкүнчүлүк бербейт”. Үсөнбаев түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, уруксат берүү маселеси коронавирус боюнча абал турукташса гана караларын, азырынча илдет жуккандардын саны өсүү тенденциясында гана экенин белгиледи.

11-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде аткаминерлер көп чогулган иш-чара болгону кабарланган.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды, алардын 19у Бишкекте.

Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Коомдук жайларда 50 кишиден көп чогулууга уруксат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG